Site icon Reporter.kg

Bigser Sport компаниясы Бишкекте Спорт академиясын куруп жатат (сүрөт)

Кыргызстандык Bigser Sport компаниясы Бишкекте Спорт, этикет жана сулуулук академиясын курууда. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Сергей Быковский журналисттерге билдирди.

Академия компаниянын өз каражатына салынып жатканын айткан Bigser Sport’тун жетекчиси Кыргызстанда көркөм гимнастиканы өнүктүрүп, Олимпиада чемпиондорунун чыгуусуна шарт түзүү тилектери бар экенин белгиледи.

«Академияны Bigser Sport өзү салып жатат. Бул демилгени көтөрүп чыгып, долбоорун иштеп чыктык. Ал ачылгандан кийин бул жакта 3 жаштан баштап 20 жаштан улуулар келип, гимнастика менен машыга алат. 

Биздин өлкөдө гимнастика өнүгүп, кийинки Олимпиада оюндарында медаль уткан спортчулар чыксын деген тилегибиз бар», — дейт ал.

Кыргызстанда эл аралык талаптарга туура келген гимнастика боюнча залдар жок экенин айткан Быковский Академиянын курулушу менен гимнастика менен машыгууну каалагандар үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн билдирди. Бул комплекстте алдыда эл аралык жарыштарды, анын ичинде Азия чемпионаттарын өткөрүп турууга болот. Көрүүчүлөр үчүн 1 миң киши бата турган зал болот.

Bigser Sport’тун чакыруусу менен Бишкекке Эл аралык гимнастика федерациясынын президенти Моринари Ватанабэ, Азия гимнастика бирикмесинин башчысы Абдулрахман Аль Шатри келип, Кыргызстандагы гимнастиканын азыркы абалы, Академиянын курулушу менен таанышып кетти. Аталган федерация менен бирикменин жетекчилиги Bigser Sport’тун Академияны куруу демилгесин колдоого алган.

Bigser Sport Кыргызстандагы гимнастика спортчунун расмий өнөктөшү болуп саналат.

Дене тарбия жана спорт департаментинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси Марлен Соляной Bigser Sport өңдүү компаниялар өлкөдөгү гимнастиканын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын айтты.

«Bigser Sport Кыргызстандагы гимнастиканын өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Курулуп жаткан бул Академияда келечекте бир гана гимнастика эмес, спорттун башка түрлөрү да өнүгүшү мүмкүн», — деди ал.

 

Exit mobile version