Site icon Reporter.kg

Бишкекте бийчи Жан Воинов бейбаштыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарындагы «Шератон» мейманканасында кыздар сабалган окуя боюнча бийчи Жан Воинов камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бийчиге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми жабырлануучулардын адвокаты Шердор Абдыкапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына Воинов 48 саатка камалганын билдирди.

Учурда соцтармактарда «Шератон» мейманканасында эркектер үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салганы тартылган видео тарап жатат.

Биринчи Май райондук милициясы бул окуя боюнча 30-июнда 3 жаран арыз менен кайрылганын маалымдады. Анда алар ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында А.Р. аттуу жаран коомдук тартипти бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-(бейбаштык) жана 206- (тоноо) беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон.1-июлда 31 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына 1 айга камалган.

Жергиликтүү ЖМКлар А.Р. Жан Воиновдун аялынын иниси экенин жазып чыгышты.

Exit mobile version