Site icon Reporter.kg

Бийлик өлкөнү карызга батырган компаниялардын 1 млрд доллар насыясын төлөп жатат

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жогорку кызмат адамдары 1993-2002-жылдардын аралыгында тамак-аш, жеңил өнөр жай, тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана заводду куруу деген шылтоолор менен чет өлкөлүк банктар менен сүйлөшүп алып, ири суммада насыя алып чет өлкөгө чыгарып турушкан. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка караганда, насыялар чет элдик банктардан кыргыз өкмөтүнүн кепилдиги менен алынып, банктарга өлкөнүн алтын-валюта резервинин бир бөлүгү коюлган.

Аталган мезгил аралыгында «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АКсы, «Жибек-Жолу» АКсы, «Казкоммерцбанк» ААКсы, «Жылдыз» АКсы, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АКсы, «Чүй агро өнөр жай компаниясы» ЖЧКсы, «Ала-Тоо» мейманкана-ресторан комплекси, «Кыргыз Агробизнес Компани» АТАКсы, «Буудай» мамлекеттик ишканасы сыяктуу ишканаларга 1 млрд долларга 40тан ашык насыя алынган.

Ал эми насыя каражаттары өлкөгө түшпөй эле чет өлкөлөрдө жайгашкан башка чет элдик банктардын эсебине которулуп турган. Ал эми насыя алган ишканалар банкрот деп жарыяланып, жабылган. Ал эми чет өлкөлүк банктар насыя төлөнбөгөндүктөн кепилдикке коюлган алтынды өздөрүнө алышкан. Ошондой эле белгилүү болгондой айрым насыялар боюнча мамлекет бүгүнкү күнгө чейин акча төлөп келет.

Учурда бул фактылар Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен козголгон иштин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Exit mobile version