Site icon Reporter.kg

Бийлик азык-түлүккө болгон бааны эмнеге жөнгө салбай жатат?

Кыргызстанда шекердин кору жетиштүү. Өсүмдүк майлары менен алектенген компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, эмнеге баалар эмнеге жөнгө салынбай жатат? Бул суроого Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков парламентте депутатка жооп берди.

Монополия тарабынан түздөн-түз жөнгө салуу кирген жок. Себеби, жергиликтүү бийлик сунуштап, андан соң Экономика министрлиги карап, Министрлер кабинети сунушту берет. Бүгүн, Чүй облустук жергиликтүү бийлик түз жөнгө салуу боюнча сунуш киргизди. Эгерде бул Министрлер кабинетинен каралып бизге жөнөтүлсө, баштапкы баага алып келүүгө мыйзамдын негизинде тийиштүү аракеттерди жасай баштайбыз. Азыр текшерүүгө да укугубуз жок, текшерүүгө мараторий кирген. Ошол себептен түшүндүрүү жана анализ жасоо иштери менен гана алекпиз. Ачык айтканда ажиотаж бар. Бүгүн базарга барып келдим, “Кайыңды кант” заводуна да жумушчу топ түзүп жөнөттүк.  Азыр маалыматтар келип жатат, шекердин кору жетиштүү деңгээлде экен. Өсүмдүк майларын алып келип жаткан компаниялар менен жолугуп сүйлөштүк. Эгерде, көзөмөлдө укугу берилип кала турган болсо айыптарды салып, бааны жөнгө салуу иштерди жасайбыз”-деди Тайлаков.

Exit mobile version