Site icon Reporter.kg

Бийлик: Кыргызстандан Казакстанга жүктөр эркин кирет

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жүк ташуучу унаа каражаттарынын токтоп туруусу маселеси боюнча  видеоконференцбайланыш режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул туурасында министрлер кабинетинен билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү макулдашууларга жетишилди:

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын аймагынан жүк ташуучу транспорт каражаттарын ташылуучу товарларга электрондук эсеп-фактураларсыз чыгарууга тыюу салат;

— Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташылып келе жаткан товарларга электрондук эсеп-фактуралары бар жүк ташуучу унаа каражаттарына карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөйт;

— Электрондук эсеп-фактураларда Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына белгиленбеген импорттолуучу товарлар аныкталган учурда, Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына кайтаруу боюнча чараларды көрөт;

— Электрондук эсеп-фактураларда көрсөтүлбөгөн товарларды аныктоо транспорт каражатынын жүк бөлүгүн ачуу зарылдыгын жокко чыгарган инспекциялык көзөмөлдөө комплексин колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн;

— Жүк ташуучу унааларды артка кайтарууда эки тарап тең Whatsapp мессенджер тобуна унаанын мамлекеттик номерин көрсөтүп, электрондук эсеп-фактураларды жана кайтаруу себептерин тиркөө менен билдирүү жөнөтөт. Топтун курамына Кыргыз Республикасынын салык кызматынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчилери кирет.

Тараптар ошондой эле бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын операторунун навигациялык пломбаларын Казакстан Республикасында колдонуу маселесин иштеп чыгууну жана товардык позициялар боюнча Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жана Казакстан Республикасына импорттоону талдоону макулдашты.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы күндөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында пайда болгон жүк ташуучу унаалардын тыгынын жоюу максатында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ишин күчтөндүрүүнү макулдашты.

Көрсөтүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов кол койгон жыйынтык протоколго киргизилген.

Exit mobile version