«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү Салия Таштанова жана Чыныгүл Шеркулова камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге саясый уюмдан ырасташты.
Маалыматка караганда, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча «бийликти күч менен басып алууга чакырык» таштоого шектелүүдө.
Салия Таштанова — 75 жаштагы пенсионер. Ал Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашайт.
Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 44 жаштагы Чыныгүл Шеркулова да «бийликти күч менен басып алууга чакырык» жасоого шектелүүдө.
Аялдар УКМК тарабынан өткөн аптада кармалып, бөгөт чарасы аныкталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз