Site icon Reporter.kg

Билим берүү министри мектеп жетекчилерине ата-энелерден акча чогултууга тыюу салды

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан жана алардын ата-энелеринен акча каражаттарын талап кылууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка бүгүн Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковкол койгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Буйрукта маданий-массалык жана башка иш-чараларга да мыйзамсыз акча-каражаттарын педагогдордун талап кылбоо керектиги жазылган. Мындан сырткары камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынды.

«Мыйзамсыз акча чогултуудагы суроолор боюнча “ыкчам байланыш” телефон линияларын жана “ишеним үкөктөрүн” уюштуруу тапшырылды. Бул буйруктун аткарылышы жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш», — деп жазылат маалыматта.

Эгерде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтооо же окуучуларга алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат.

Exit mobile version