Site icon Reporter.kg

Билим берүү министринин орун басары алмашты

Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Нурлан Өмүров дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Каныбек Исаков бүгүн министрликтин жамаатына орун басарын тааныштырып, жумушуна ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Нурлан Өмүров буга чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору болуп иштеп келген.  Ал Испаниянын Сантьяго-де-Компостела университетинде  билим алып, илимдин доктору даражасына ээ болгон. Кыргыз, орус, испан, англис тилдерин билет.

Буга чейин билим берүү министринин орун басары кызматын аркалап келген Кудайберди Кожобеков Ош Мамдекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган эле.

Exit mobile version