Site icon Reporter.kg

Билим берүү министрлиги төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окутууга даярданып жатат

Билим берүү жана илим министрлиги мөөнөтсүз каникул улантыла турган болсо төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окутууга даярданып жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Окуучулар окуу программасына ылайык, жаңы темаларды видеосабактар аркылуу онлайн өздөштүрөт. Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде «Баластан», «Билим жана Илим» телеканалдарынан берилет. Андан сырткары ушул эле сабактар ютубга, атайын порталга жайгаштырылат. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарга тартылып жатат.

19-марттан тартып ЭлТРдин “Билим жана Илим” каналы менен биргеликте министрлик тарабынан даярдалган видео сабактар көрсөтүлүп баштады.

Жакынкы күндөрү 1-11-класстар үчүн министрликтин “Санариптик окутуу” боюнча билим берүү порталы ишке кирет. Бул порталдан алынган билимди бекемдөө үчүн окуу материалдар, атайын тесттерди көрсө болот.

Муктаждыкка жараша жыйынтыктоочу экзамендерди мектепке келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мындан сырткары министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school/ сайтын сунуштайт.

Ошондой эле министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн бардык предиеттер боюнча 400гө жакын окуу китептери жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school / сайтын жана жакынкы күндөрү ишке берилүүчү kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасын сунуштайт.

Окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган “iBilim” (башталгыч класстар үчүн) жана “Билим булагы” мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Окуучулар менен кайтарым байланыш учурдагы технологиялардын (Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp) жардамы менен ишке ашырылат. Мында үйдөн олтуруп эле тапшырмаларды берип, аларды текшерип алууга мүмкүнчүлүк болот.

Жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта дистанттык технологиялардын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өтүштү.

Кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары үчүн “Соцсервис” мамлекетик ишканасынын жардамы менен электрондук окутуу системасы иштелип чыгып ишке берилет.

Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту технологияларды колдонуу боюнча атайын окууларды уюштуруп берет. Билим берүү жана илим министрлиги түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча атайын планды иштеп чыгып, ошонун негизинде системдүү жумуштарды алып барат.

 

Exit mobile version