Билим берүү министрлиги үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт

Билим берүү министрлиги үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт

Билим берүү жана илим министрлиги “Атам, Апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” деп аталган үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт.

Бул саамалыктын негизги максаты үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу болуп саналат. Китеп окуу саамалыгына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат.

Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт.

“Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат. Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет.

Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышы жана социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек”, — деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматынан.

Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги «ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ» номинацияларын тапшырат. 

Сунуш кылынган китептердин тизмесин жана жоболорун бул шилтемеден жүктөп алса болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>