Билим берүү министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизүүнү пландап жатат

Билим берүү министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизүүнү пландап жатат

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Долбоордун максаты билим берүү мейкиндигин кеңейтип, мугалимдердин иш ордунда отуруп эле кесипкөйлүгүн өнүктүрүү мүмкүндүгүн берет.

«Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Ысык-Көл (Жунуш уулу Жапар орто мектеби) жана Нарын облусундагы (Нинакан Жүндүбаева атындагы-мектеп гимназиясы) мектептин 8-классынын окуучулары үчүн химия сабагы онлайн түрүндө өтүлдү. «Заттын саны. Авогадро закону» темасындагы химия сабагын Бишкектеги Айдаркан Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалими Закия Жээналиева өттү. Жаңыча ыкмадагы сабакты Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын «Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун колдоосу менен уюштурган», — деп жазылат маалыматта.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунда камтылган 30 инновациялык мектеп Кыргызстандын алыскы райондорунда жайгашкан. Өткөн жылы бул окуу жайлардын инфраструктурасы жакшыртылып, компьютердик, мултьтимедиалык техника, интернет менен камсыздалган. Мугалимдер предметтик билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча окуудан өтүшкөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>