Билим берүү министрлиги мугалимдер арасында “Санариптик педагогика” республикалык сынагын жарыялады

Билим берүү министрлиги мугалимдер арасында “Санариптик педагогика” республикалык сынагын жарыялады

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер арасында “Санариптик педагогика” республикалык сынагын жарыялады.

Сынактын максаты – учурдагы мыкты педагогикалык тажрыйбаларды топтоо жана популяризациялоо, педагогдордун бирдиктүү маалыматтык-билим берүү аймагындагы маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу.

Конкурска менчигинин формасына, тибине жана ведомстволук таандуулугуна карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери катыша алат.
Ар бир катышуучу, программага жана жадыбалга ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, 5тен кем эмес видео сабак бериши шарт.

Байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар каралган: 1-орун – 50 миң сом,

2-орун – 40 миң сом,

3-орун – 30 миң сом.

Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон 3 сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>