Министрлик окуучуларын үйүнө чогултуп сабак өткөн мугалим тууралуу үн катты

Министрлик окуучуларын үйүнө чогултуп сабак өткөн мугалим тууралуу үн катты

Окуучуларды үйүнө чогултуп сабак өтүп жаткан сүрөттөгү мугалим Баткен облусундагы мектептердин биринде иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жарыяланган окуучулардын үй шартында билим алып жаткан сүрөтү Баткен районунун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими тарабынан тартылган.

“Окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда ата-энелер тарабынан  түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкандыктан,  мугалим 2-сентябрь күнү окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Сабак убагында мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин маска менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган жана андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалайт.

Бирок бүгүнкү шартта, пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 8-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ошол мугалим менен байланышып,  ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айткан.

Белгилей кетсек, Билим берүү министрлиги тарабынан сабактарды онлайн өткөрүү талабына карабастан окуучуларын үйүнө чогултуп алып сабак өткөн мугалимдин сүрөтү интернет айдыңына тараган. Муну айрымдар мактаса, айрымдар пандемия шартында санитардык эрежелерди сактоо керек деп сындап жаткан.   

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>