Билим берүү министрлиги жаш мугалим алган төш белги боюнча түшүндүрмө берди

Билим берүү министрлиги жаш мугалим алган төш белги боюнча түшүндүрмө берди

Интернет булактарында билим берүү жана илим министри «Каныбек Исаков өзүнүн жакынына “Билим берүүнүн мыктысы” деген төш белгисин берди» деген маалымат боюнча министрлик билдирүү тартты.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан тушүндүрмөдө, аталган маалымат туура эместиги жана  Каныбек Исаков менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жоктугу айтылат.

Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы билим Берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө аталган төш белгиге татыган.

2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктары жөнүндөгү жобосунун 7 пункттуна (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) ылайык, билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда министрликтин ардак грамотасы менен сыйланбаган адамды:

  • республикалык “Жыл мугалими” сынагынын, мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарынын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрүн;
  • окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер;
  • республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлер;
  • билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
  • жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана ардак грамота менен сыйлоого укуктуу.

№50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин география мугалими Ош шаарында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими 2019” конкурсунун жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

Белгилей кетсек, “Назарньюс” сайты министр Каныбек Исаков үч жыл гана иштеген жердеши Бактыгүл Жапар кызына, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин берген деген маалымат жазып чыккан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>