Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды.

«Жаңы система — эмгек акынын кол менен эсептөөнү токтотот. Бул процессти жеңилдетет, эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу жумшалышын камсыздайт. Финансылык тартипти бузуунун көлөмүн кескин төмөндөшүнө шарт түзөт, негизсиз маяна алып жүргөндөр учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат», — деп жазылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окутууга келген кызматкерлерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана эсепчилердин кызматкерлер менен болгон мамилесин жакшыртууга чакырды.

Семинардын биринчи күнүнө Ысык-Көл жана Баткен облус жана шаарларынын 55 эсепчи келди. Алар билим берүү уюмдарынын  кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтыруучу програманы эки күн өздөштүрүшөт.

Окутуу-семинары 15-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өтөт. 10 күндүн ичинде бардык облустун эсепчилерин үйрөтүү мерчемделген. Cеминардын соңунда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериясына жалпы 55 компьютер тапшырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>