Site icon Reporter.kg

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды — видео

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге  өздүк булактар билдирди

Маалыматка караганда, ал пара алууга шектелүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы да маалыматты тастыктады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы боюнча иликтенүүдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ички иштер министрлиги кошумча маалымат берет.

Алмазбек Бейшеналиев быйыл эле февраль айында министр болуп келген. Ал буга чейин 2020-2021 жылдар ортосунда алты ай Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Бейшеналиев билим берүү тармагында бир катар реформаларды ишке ашырууга белсенип, ага аракеттерин көрө баштаган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version