2024-2025-окуу жылына карата 1-класстар өзгөрүүсүз эле 7-жаштан тарта кабыл алынат. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, нөлүнчү класста 6 жаштан тарта «Наристе» программасы боюнча окутулат.
«Жылдагылай эле 1-класска 7 жаштан кабыл алынат. Балдар катталган аймагындагы мектептерге электрондук кезекке туруу менен кире алат. Баланы кабыл алууда анын даярдыгына, билимине эч кандай талап болбошу керек», — дейт Муратбек Касымалиев.
Министрдин орун басары 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткандыктан, окуунун жүрүшүндө өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн белгиледи.
Кендирбаева 12 жылдык билим берүүгө мектептер качан өтөрүн айтты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз