Site icon Reporter.kg

Билим берүү министрлигине бомба коюлганы тастыкталган жок

Билим берүү жана илим министрлигине бомба коюлганы тууралуу маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-3 саат мурун министрликтин почтасына бомба тууралуу билдирүү келип, ал тууралуу милицияга кабар берилген.

Жерине милиция кызматкерлери барып, министрликтин кызматкерлери эвакуция болуп, имараттын айланасы курчоого алынган.

Саперлер жеринде иш алып барып, бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыккан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version