Site icon Reporter.kg

Билим берүү министрлигине былтыр 44,9 млрд сом бөлүнгөн

Былтыр билим берүү тармагынын бюджеттик чыгашасы 44, 9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы бюджеттин чыгашасы 15 768, 9 млн сомго көп. Былтыр билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысына 43 399, 8 млн сом кеткен. Бул пландалган бюджеттин 97,8  %ын (44 463,0 млн сом) түзөт. Министрликтин жалпы чыгашаларын төмөнкүдөй бөлүүгө болот:

— 2022-жылы министрликтин борбордук аппаратынын имаратын оңдоп-түзөөгө  —  39,0 млн сом бөлүнгөн.

— Июнь айында кызматкерлердин өргүүгө чыккандагы айлык акыларына — 8 019 ,8 млн сом;

— Окуучулардын тамак-ашына — 923, 9 млн сом кеткен. Бул 2021-жылга (752 ,6 млн сом) салыштырмалуу 171,4 млн сомго көп;

— Жалпы билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөөгө — 121,0 млн сом кеткен. Бул 2021-жылга салыштырмалуу (102, 2 млн сом) же  18,8 млн сомго көп;

— Министрликтин борбордоштурулган иш-чарасына — 121,6 млн сом бөлүнгөн. Бул 2021-жылдын (158,6 млн.сом) салыштырмалуу 37,0 млн сомго аз;

— Окуучулардын республикалык олимпиадасына —  6,4 млн сом жумшалган.  “Манас таануу” телеконкурсуна 3,0 млн сом сарпталган.

— Андан тышкары, мектептерди  Интернетке кошууга абоненттик төлөмдүн карыздарын жоюу үчүн—  6,5 млн сом. Интернетке кошуу үчүн абоненттик төлөмдөргө 24 ,1 млн сом, бардыгы болуп 30, 6 млн сом жумшалган.

— Былтыр 2022-жылга карата окуу китептерин басып чыгарууга карыздарды жоюу үчүн — 34 млн сом сарпталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version