Эгемендүүлүк алгандан бери мугалимдер тынымсыз кагаз иштери боюнча – мектеп жетекчилигине, Билим берүү жана илим министрлигине арызданып келишет.
Көптөгөн мугалимдердин пикири боюнча, сабак өтүүгө басым жасоонун ордуна календарлык-тематикалык пландарды, күнүмдүк сабактардын планын түзүүгө, класстык журналдарды толтурууга, окуучулардын дептерлерин текшерүүгө, артта калган жана таланттуу балдар менен иштөө үчүн папкаларды, класс жетекчинин журналдарын жүргүзүүгө, ошондой эле мугалимдин портфолиосун толтурууга тийиш. Бул тизме ушуну менен эле бүтүп калбайт. Буга ремонт иштери, ишембиликтер жана комиссиялык текшерүүлөр да кирет.
Дебюрократизацияга карай биринчи кадамды 2022-жылы экс билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жасап, отчеттуулуктун айрым формаларын кыскартууга жетишкен.
Ал эми 2025-жылдын 11-апрелинде Билим берүү министрлиги отчетту жөнөкөйлөтүү боюнча реалдуу иштер жүрүп жатканы тууралуу маалымат таратты. Жумушчу топ түзүлүп, анын курамына мектеп директорлору, завучтар, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана көз карандысыз эксперттер кирген.
Мындан улам мугалимдер Билим берүү министрлигине эле эмес, башка көптөгөн ведомстволорго – республикалык, областтык, райондук деңгээлде отчет беришери белгилүү болду.
Отчеттуулукту кыскартуу боюнча иштер төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлүүдө:
— “Э-Күндөлүк” платформасы аркылуу бардык отчетторду электрондук форматка өткөрүү;
— Мектептердин күнүмдүк иши учурунда чогултулган маалыматтардын негизинде отчетторду түзүүнү автоматташтыруу;
— Маалымат санариптик системага киргизилген болсо, таблицаларды жана формаларды кол менен толтуруунун зарылдыгын жоюу;
— Башка мамлекеттик органдар үчүн керектүү маалыматтарга онлайн режиминде ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
«Электрондук күндөлүк программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мугалимдердин өз убагында бааларды жана отчетторду электрондук журналга киргизип турушу, мектеп администрациясынын инфраструктура жана башка параметрлер боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртып туруусу маанилүү. Бул системага мугалимдерге кошумча жүк болбостон, автоматтык түрдө отчетторду түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул иш-чаралардын ишке ашырылышы мугалимдердин административдик түйшүгүн бир топ азайтат жана билим берүү бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатат», — деп айтылат маалыматта.
Система толугу менен ишке кирсе, мугалимдер мындан ары кагаз түрүндө отчет толтурууга туура келбейт.
Көп жылдар бою бүтпөгөн кагаз иштерине нааразы болгон мугалимдер мындай чечимге ишенбей, социалдык тармактардагы Билим берүү министрлигинин расмий баракчаларына пикирлерин калтыра башташты.
Жылдыз Урустамбаева аттуу колдонуучу:
«Баштаганыңар үчүн рахмат. Infodoxто документтерди тез иштетүү үчүн интернеттин ылдамдыгын жогорулаткыла»,-деп жазган.
Бул комментарий мугалимдердин электрондук отчеттуулук формалары менен иштей баштаганын көрсөтүп турат.
Ал эми «Жаз гүлү» лакап аты бар колдонуучу төмөнкүлөрдү белгилеген:
«Класс жетекчинин журналы бар, аны окуу жылынын башында өзүбүздүн акчабызга сатып алабыз. Дал ушул журнал эң көп жазууну талап кылат. Жакында эле текшерилип, күн сайын толтуруп туруу керек дешти»,-деп пикир калтырган ал.
Буга жооп кылып Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы мындай деп түшүндүрдү “Э-Күндөлүк” платформасы аркылуу бардык отчеттуулук электрондук форматка өткөндөн кийин класс жетекчинин кагаз журналы жоюлат. Андан тышкары, мындан ары мугалимдерден класстарды оңдоого, жерди тазалоого милдеттүү болбошу керек.
Жаңы системанын артыкчылыктары тууралуу Бишкектеги мектептердин биринин мугалими айтып берди:
«Ар бир мугалимдин телефонунда “Э-Күндөлүк” тиркемеси орнотулган, биз аны активдүү колдонобуз. Азырынча бизде кагаз жана электрондук журналдар дагы бар, бирок сентябрдан баштап санарип форматка толугу менен өтөбүз. Бул абдан ыңгайлуу жана ишти чындап жеңилдетет. Жада калса ата-энелер да балдарынын баасын көрө алышат», — деп белгиледи кыргыз тил мугалими.
Натыйжаларды чоң үмүт менен гана күтө алабыз. Мугалимдердин бюрократиядан арылтуу идеясы – чындыкпы?