Билим министри жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрүн айтты

Билим министри жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрүн айтты

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-майдан 15-майга чейин  болот.  Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков онлайн-брифингде билдирди.

“Тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, – деди Исаков.

Буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова Жалпы республикалык тестрилөөнү карантинден кийин тапшырыларын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>