Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-майдан 15-майга чейин болот. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков онлайн-брифингде билдирди.
“Тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, – деди Исаков.
Буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова Жалпы республикалык тестрилөөнү карантинден кийин тапшырыларын айткан.