«Билимиң жок». Самара Каримованы Ош музыкалык окуу жайынын жамааты кабыл албай чыр чыкты — видео

«Билимиң жок». Самара Каримованы Ош музыкалык окуу жайынын жамааты кабыл албай чыр чыкты — видео

Бүгүн, 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жааматы Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.

Аталган окуу жайдын эмгек жамааты Каримованы директор катары тааныбай тургандарын жана анын музыкалык жогорку билими жоктугун айтышты.

«Биз бул тууралуу маалыматыбыз жок болчу. Бүгүн келип учурдагы директордун иш бөлмөсүн боштуусун талап кылып жатат. Биз мугалимдердин жыйынын өтүп жаткан жерибизге күйөөсү экөө кирип келди. Бүгүн эле студенттерибиз окуп баштады, биз аларга сабак өтө албай бул ызы-чуу менен жүрөбүз. Биз Самара Каримованы директор катары тааныбайбыз жана эмгек жамаат иштешпейт. Эгер директор кылып дайындала турган болсо митингге чыгабыз», — дешти мугалимдер.

Ал ортодо Самара Каримовага сөз берилди. Ал жаңы шайланган президентке рахмат айтуу менен сөзүн баштады.

«Саламатсыздарбы? Садыр Нургожоевичке рахмат! Соттор мыйзамдуу чечим чыгарды. Мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп, арыз жаздыртпай, билдирме бербей эле кызматтан алып койгон. Менин аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган. Мен бул иш боюнча арыз жазып, сотко кайрылып, жарым жылдан бери процесске катышып жүрөм. Сот министрликтин кылганы туура эмес деген чечим чыгарып берди. Мен сотко же тууганыма таянган жокмун», — деди.

Каримова эмгек жамаат бул маалыматтан кабарлары жок экенин айтышууда, бирок азыркы директор Нурлан Тентимишов директор соттук иштер туурасында биле турганын жана, кечээ министрликке чейин чогуу барышканын белгиледи.

Ошондой эле ырчы аларды министрлик кабыл алганын жана бардыгы мыйзамдуу болгонун билдирди.

Самара Каримовага бул иш тууралуу мындан аркы кадамдары боюнча суроого жооп бербестен кабинеттен чыгып кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>