Бир ай мурун иштен алынган Мадамин Каратаев жаңы кызматка дайындалды

Бир ай мурун иштен алынган Мадамин Каратаев жаңы кызматка дайындалды

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу дарыгер өзү тастыктады.

Маалыматка ылайык, Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп бекитилди. Бүгүн, 22-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны эмгек жамаатка тааныштырды.

Белгилей кетсек, марттын соңунда саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматынан бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>