Site icon Reporter.kg

Бир айда өспүрүмдөр тарабынан 79 кылмыш жасалды

2024-жылдын январында жашы жете электер тарабынан 79 кылмыш иши жасалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдайт.

Өспүрүмдөр аралашкан кылмыштардын эң көп саны уурулукка туура келет (58,2 пайыз),  тоноочулук — 20,3 пайызды, ээнбаштык — 5,1 пайызды жана алдамчылык 1,3 пайызды түздү.

Бир айда 122 жашы жете электер жабыркаган. Балдардын көбүнчө тоноп, карактап кетишет.

Улуттук статкомдун маалыматында, январь айында 13 бала бала зордукталып, алтоо сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге дуушар болгон.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында эки бала каза болгон, ал эми 23 бала денесинен жаракат алышкан.

Exit mobile version