Өлкөдө жакынкы бир айдын ичинде бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
“Бензин баасынын акырындык менен төмөндөшүнүн негизинде кийинки бир айдын ичинде бензиндин баасы 5-6 сомго төмөндөйт. Тескерисинче, бензиндин баасы арзандаганы менен дизель майынын баасы өсүүдө. Мындан улам, дизель майынын баасы төмөндөбөйт”,- деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бензиндин баасы туруктуу болушу үчүн тиешелүү чараларды көрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз