Site icon Reporter.kg

Бир айдын ичинде бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн

Өлкөдө жакынкы бир айдын ичинде бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь айынан тарта бензиндин дүң баасы төмөндөй баштаган. Бул бензиндин чекене баасына да таасир этиши мүмкүн.

Бензин баасынын акырындык менен төмөндөшүнүн негизинде кийинки бир айдын ичинде бензиндин баасы 5-6 сомго төмөндөйт. Тескерисинче, бензиндин баасы арзандаганы менен дизель майынын баасы өсүүдө. Мындан улам, дизель майынын баасы төмөндөбөйт”,- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бензиндин баасы туруктуу болушу үчүн тиешелүү чараларды көрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version