Site icon Reporter.kg

Бир апта мурун дайынсыз жоголгон Саид Бебез табылды

7 күн мурун үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Саид Бебез Идирисович табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, баланы 21-сентябрда Криминалдык милиция жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы Бишкектеги «Дельфин» бассейнинин жанынан табышкан.

Ал 16-сентябрь күнү Дордой” жаңы конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Exit mobile version