Site icon Reporter.kg

Бир аптада 176 мас айдоочу кармалды

1 — 7-июль аралыгында 20 миң 589 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын 176сы мас абалында рулга олтурган. Жалпысынан 9  миң 748  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Андан тышкары:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-232;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-64;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-923;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 255;

-Авто ээнбаштык — 15;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 820;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –1 354.

 

Exit mobile version