Ырчы Анжелика Кайратова дайыма коомчулуктун көңүл борборунда болуп келет. Анын ар бир кадамына «Инстаграмдагы» катталуучулары өз пикирлерин жазып келишет. Бул ирет да ырчы жеке жашоосунда өзгөрүү болуп жатканын кыйытып, «Инстаграмдагы» баракчасына табышмактуу билдирүү жазды.
«Бир башкача сезим мени каптап турат… Жеке жашоомдун барактарында — керемет сезим менен коштолгон тарыхча жазылып баштады. Эн негизгизи- кыздарым эч нерседен кем болгон жок. Алар абдан бактылуу. Мен бардык жагынан камсыздаган, мээрим төккөн энемин. Үч кызымдын бир эле атасы бар жана болот! Каалаган учурунда атасынын койнунда, мандайында», — деп жазган ырчы.
Ырчынын мындай билдирүүсүнө катталуучулары бакыт каалашууда.