“Бир Бол”, №13: “Жумуш орундарын түзүүгө даярбыз”

“Бир Бол”, №13: “Жумуш орундарын түзүүгө даярбыз”

Өлкөдө жумушсуздук күч алып, мекендештерибиз коңшу өлкөлөргө иштеп кетүүгө мажбур болууда. Бул биздин мамлекеттин алсыздыгынын көрсөткүчү”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында эл менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Айтымында, миграциянын кесепетинен 100 миңден ашуун бала ата-энесинин камкордугунан ажырап калууда.
“Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн парламентке билимдүү, эрктүү жана алдыга максат коё билгендер келиши керек. “Бир Бол” партиясынын курамында дал ошондой билимдүү, идеяга бай жаштар көп. Биз ишканаларды ачуу жолу менен чет жерде иштеп жүргөн мекендештерди өз өлкөсүнө алып келебиз. Жумушчу орундарын түзүүгө даярбыз, анткени депутаттыкка талапкерлигибизди коё электен мурда эле ар бирибиз иш орундарын түзүү менен алектенип жүргөнбүз”, — деди М.Асангариев.

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Нурлан Шерипов Ысык-Көл облусунда үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.

Депутаттыкка талапкерлер элдин суроо-талабын угуп, партиянын программасы менен тааныштырышты.
“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында уланмакчы.

Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26.09.2020.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>