Site icon Reporter.kg

«Бир Бол» — калктын колдоосуна жана ишенимине ээ болгон партия — видео

 “БИР БОЛ” партиясы курамын илим-билимге жетишкен, тажрыйба топтогон жаңы жүздөр менен 95% жаңыртып, атаандаш партиялар арасында өзгөчө экенин көргөздү. Муну менен элдин жаш жана жаңы жүздөр келсин деген талабын иш жүзүндө аткарды. Шайлоо алдындагы платформасында куру популизм эмес, чындап аткарыла турган пландарды коюп, эл арасында ишенимге ээ болду.

Программадагы ар бир пунктту бир болчулар өз тажрыйбалары, талдоолорунун негизинде жазып, көп талкуудан өткөрүшкөн. Бир болчунун парламенттеги портрети билимдүү, маданияттуу, тажрыйбалуу, жаңычыл жана жаратман болсо, “Жаңы реформалардын мезгили” программасынын мазмуну жана аткарыла турган кадамдар элдин жаркын келечегин элестетет.

Партиядан талапкерлер өлкөнү түрө кыдырып, Чүй, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Ысык-Көлдүн булуң-бурчунда болушуп, ой-максаттарын эл менен бирге талкуулап жатышат. Эл арасындагы ойлор, пикирлер өзгөрдү. Бир партиянын ичинде жаңычылдык жаратып, аны толугу менен жаңыртып, өзгөртө алган адамдар бүтүндөй бир өлкөнү, системаны да өзгөртүп, жаңырта алышаарына ишеним пайда болду.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-сентябрь, 2020-жыл.

Exit mobile version