“Бир Бол” партиясы демилгелүү жаштар менен жаңыланды

“Бир Бол” партиясы демилгелүү жаштар менен жаңыланды

“Бир Бол” саясий партиясы жаңы жүздөр менен толукталып, саясий кеңештин курамы жаңыланды. Бул тууралуу партия лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар.

“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз. Мекендештерибиздин талабына ылайык, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн таза көз караштагы күчтүү команда керек. Сөздөн ишке өтө турган учур келди ”, — деди Алтынбек Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>