“Бир Бол” партиясы “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүүдө

“Бир Бол” партиясы “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүүдө

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын баардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат.

“Таза шайлоо” акциясы Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгинде өтүүдө. Иш-чарага партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат.

Лидер Алтынбек Сулайманов партияны колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, мекендештерди шайлоого келип, татыктууларына добуш берүүгө чакырып өттү.

“Үгүт иштерин тазалануу, жаңылануу менен баштаганбыз. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Айланабыз гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын тазаланышынан үмүтүбүз чоң. Элибизге жаркын жашоону “Бир Бол” гана тартуулай алат”, — деди А. Сулайманов.

Акция жарандарды шайлоого катышып, таза жүздөрдү тандоого чакыруу максатын көздөйт. Ошондой эле партияларды шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырат.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>