“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунда уланууда

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунда уланууда

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Баткен облусунда уланууда. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Саитжан Эратов, Абдисаит Каримбеков, Кумарбек Тешебаев, Бактыгүл Момбекова жана башка партия мүчөлөрү Баткен облусунда болуп, эл менен жолугушту.

Партия өкүлдөрү элеттиктер менен баарлашып, жеринен көйгөйлөр менен таанышууда. Алтынбек Сулайманов колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, партиянын программасы менен тааныштырды. Ал жаңы түзүлгөн команда 95 пайызга жаңыланганын кошумчалады.

“Командабыз таза, жаратман жаңы жүздөрдөн турат. Эгер көздөгөн ийгиликке жетип калсак, чоң өзгөрүүлөрдү жасайбыз. Биз айыл өкмөттөргө бардык күчтү, укукту беришибиз керек. Губернатор кызматы жоюлуп, айыл өкмөт түздөн-түз Премьер-министр менен иштеши керек. Түшкөн салыктын 50%ын айыл өкмөтү өзү алып, маселени чечиш керек. Ошондой эле шаар мэрлерин дагы эл шайлаш керек”, — деди А. Сулайманов.

Чек ара көйгөйлөрү менен жакындан тааныш болгон талапкер Саитжан Эратов дагы туруктуу, келечеги кең жана билимдүү жаштардын партиясы “Бир Болдун” катарында. Ал чек ара маселелерине чекит коюуга убакыт келди деп эсептейт.

“9 жыл Өкмөттүн эсебинен окугандыктан, мамлекетке дагы 15 жыл карызмын. Ошол себептен шайлоого аттандым. Баткенде коогалаң, араздашуу тынчыбай койду. Бул облуста 12 жыл иштеген офицер катары, ошол маселерди биргеликте чечүүгө аракет кылабыз”, — деди Саитжан Эратов.

Дагы бир талапкер Бактыгүл Момбекова айыл турмушу, өзгөчө аялдардын жана балдардын укуктарына кайдыгер карабай, шайлоого аттанганын билдирди.

“Негизи менин саясатка баруу оюмда жок болчу. Кыргызстанда ата-эне мээриминен ажыраган балдарды окутуп, алардын жашоосуна шарт түзүп, белгилүү инсандар аркылуу келечегине багыт берүү менен жүрө берсем деле болмок. Бирок, четте карап тура албай, бир максатты көздөгөн команда менен шайлоого аттандым”, — деди Б.Момбекова.

[su_image_carousel source=»media: 40460,40461,40462,40463,40464,40465″ crop=»none» autoplay=»4″] 

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 10-сентябрь, 2020-жыл.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>