“Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын тазалануу менен баштады

“Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын тазалануу менен баштады

Бүгүн  “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” аттуу экологиялык акция менен баштады. Иш-чара Бишкектин четинде жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын айланасында өтүүдө.

Акцияга талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышып жатат.

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов үгүт кампаниясынын ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөп, талапкерлерге ийгилик каалады. 

“Биз кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Өлкөбүз тазаланууга, таза инсандарга муктаж. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!”, — деди “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Ал эми депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов жалпы мекендештерди куттуктап, алгачкы иш-чара бекеринен тазалануу акциясы менен башталбаганын айтты.  

“Биз бүгүн, улуу күрөшкө аттанып жатабыз! Сот, бийлик жана башка тармактарда тазалык, жаңылануу үчүн күрөшөбүз! Жеңишке жетебиз деген үмүтүбүз чоң, анткени биздин команда таза, жаратман жана аруу мекендештерден турат. Табиятты тазалайбыз, тазалык үчүн күрөшөбүз”, — деди ал.

Партиянын дагы бир талапкери Чынар Капарова акцияны жакшы жышаан деп белгиледи.  

“Бул тазалануунун, жаңы жолго түшүүнүн башталышы. Биз өлкөнү тазалоого аракет кылабыз. Жеке менин тандоом — коомду булганычтан, жемкорлуктан, эскилерден тазалоо. Мына жаңылануунун мезгили келди. Биз жаңы элитаны түптөп, жаңы команда менен таза иштеп, аны андан ары жайылтуунун карлыгачтары бололу”, — деди Чынара Капарова.  

Депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева келген меймандарга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз бул акцияны тазалануунун, жаңылануунун символу болуп калса дейбиз. Элибиз биздин коомдо болуп жаткан баардык көйгөйлөргө каршы туруп, арууланса деген тилегибиз бар”, — деди ал.

Чогулган таштандылар иргелип алынган соң, кайра иштетүүгө жиберилет.Ал эми кайра иштетилбеген калдыктар полигонго ыргытылат.

Эске салсак, бүгүн расмий түрдө парламенттик шайлоого үгүт кампаниясы башталды. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>