“Бир Бол Time”: Парламент Ак үйдө эмес телефонуңузда

“Бир Бол Time”: Парламент Ак үйдө эмес телефонуңузда

“Бир Бол Time” – “Бир Бол” саясий партиясынын мобилдик тиркемеси. Аталган тиркеме  IOS жана Android операциялык системасынын базасы үчүн атайын иштелип чыкты. Платформа өлкөдөгү санариптештирүү жараянынын алкагында түзүлдү. Аны Google Play Market жана ‎App Store аркылуу көчүрүп алса болот. Интрефейси түшүнүктүү, ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.  

“Бир Бол Time” тиркемесинин максаты

Негизги максат – элдин мамлекеттик кызматтар боюнча суроо-талаптарына ыкчам реакция кылуу, калкты парламентте көтөрүлүп жаткан маселелер менен парламенттен түз тааныштыруу, чечимдерди кабыл алууда элдин  пикирин жана добуш берүүдө жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу.

“Кандай гана мыйзам долбоорлору каралбасын, эң маанилүүлөрүн коомдук талкууга чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мыйзам долбоорлору мобилдик тиркеме аркылуу жарыяланып, эл ага өзү добуш берет. Эл жактабаган эч бир мыйзам колдоо таппайт жана тиркеменин колдонуучулары парламентке сунуш бере алышат. Бир дагы резонанстуу мыйзам долбоору же ар түрдүү көйгөйлөр четте калбайт. Бул тиркеме аркылуу түз эфир кылып, Жогорку Кеңештин жыйындарын же башка маанилүү жаңылыктарды көрө алышат”, — деп билдиришти “Бир Бол” партиясынан.

“Бир Бол Time” тиркемеси көп функционалдуу

  • Партия жөнүндө маалымат
  • Партиянын мүчөлөрү
  • Талапкерлер жөнүнө кеңири маалымат
  • Акыркы жаңылыктар: өлкөдө болуп жаткан маалыматтар жана фактчекинг
  • Түз эфирлер
  • Онлайн сурамжылоолор

“Сурамжылоо” бөлүмү

Аталган бөлүмдө колдонуучулар сурамжылоодо чагылдырылган көйгөйлөр боюнча жеке позициясын билдире алышат. Партия сунуштаган мыйзам долбооруна же партиянын өзүнүн программаларына карата сунуштары жана сын-пикирлери болсо билдирип, комментарий калтыра алышат. Ошондой эле жарандарга добуш берүү үчүн шарт түзүлгөн. Кабыл алына турган чечимдер боюнча “Макул” же “Каршы” добуштарын бере алышат. Бул парламентарийлердин туура жана шексиз чечим кабыл алуусуна өбөлгө түзөт. Мындан сырткары, жарандык коомдун пикирин билдирүү үчүн петицияларды түзсө болот.

“Жеке кабинет” функциясы

Тиркеменин колдонуучулары үчүн ыңгайлуу. Ага кириш үчүн каттоодон өтүш керек, анткени система анын фейк эмес экендигин түшүнүшү кажет.

  • Эгерде колдонуучу өзү жашаган аймакта ар түрдүү көйгөйлөр боюнча эч ким реакция кылбаганын байкаса, бул тууралуу “Бир Бол Time” тиркемеси аркылуу кабарласа болот.   

“Түз эфир” функциясы

Тиркеменин колдонуучулары мурда болгон жана live режиминде болуп жаткан түз эфирлердин баарын көрө алат. Парламенттеги жыйындардагы түз эфирлерден сырткары, колдонуучулар региондордогу жолугушууларда эмне болуп жатканын да онлайн көрүп турушат.

“Партиянын талапкерлери” бөлүмү

Бул бөлүмдө депутаттыкка талапкерлер жана партиянын мүчөлөрү туурасында кеңири маалымат камтылган. Билими, үй-бүлөлүк абалы, иш тажрыйбасы, ишмердиги туурасында маалыматтар кыска, так жана түшүнүктүү берилген. Бул бөлүм кийинчерээк кайсы бир региондогу керектүү өкүлдү табуу жана ага суроо-талаптар, суранычтар менен түздөн-түз кайрылууга мүмкүн боло турган курал болуп калат.

Шайлоочуларга түзүлгөн шарт

Ар бир колдонуучу өзүн шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алат. Жеке маалыматтары боюнча көйгөй жаралса же өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай жатса, тиркеме процессти тездетүүгө жардам берет. Бир жакка баруунун, бирөөгө чалып такташуунун зарылдыгы жок, тиркемени ачасыз дагы, издөө функциясына өзүңүздүн маалыматтарыңызды жазып издеп табасыз. Болду, даяр! 

  1. Тиркемени бул жактан көчүрүп алсаңыз болот.  
  2. Тиркеме.

БИР БОЛ №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 25-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>