Site icon Reporter.kg

Бир да учагыбыз жок. Депутат насыяга учак сатып алууну сунуштады

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев улуттук авиакомпанияны жандандырууну сунуштады.

Анын айтымында, Кыргызстанда “Авиа Траффик” жана “Тез жет” компанияларынын гана учактары бар. Экөө тең монополистке айланган.

“Кыргызстанда бир дагы учак жок экен. Ошко, Жалал-Абадга  каттаган бир гана “Авиа Траффик”  компаниясынын учактары бар. Ошон үчүн улуттук авиакомпанияны жандандыруу өтүнүчү менен өкмөткө, президентке, УКМК башчысына кайрылалы. Керек болсо, президент чоң жолугушууларга барганда учакты ижарага алып, учуп барат. Убагында биздин жетекчилер тик учак алабыз десе эч ким ишенген эмес. Мына эки тик учак сатып алдык го. Бизде малекетте акча бар, жарандык авиякомпания жакшы иштебей жатат”, — деди депутат.

Жеңишбек Токторбаев ошондой эле, бул маселени изилдеп чыкканын жана учакты накталай акчага сатып алуунун кажети жок экенин белгиледи.

“Бүт эле мамлекеттерде учакты лизингге тактап айтканда насыяга алат экен. Учак жакшы бизнес. Мисалы, Ошко каттаган учак, күнүнө 20 миң доллар киреше табат. Ошон үчүн Улуттук аваикомпанияны жандандыруу керек. Биздин эл дагы ага муктаж”, — деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов ушул эле маселе боюнча комиссия түзүүнү, убагында Кыргызстандын авиакомпаниясын жок кылгандарды жоопко тартуу керектигина айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version