Site icon Reporter.kg

Бир күндө 103 адамдан коронавирус табылып, илдеттен 1 адам каза болду

Соңку суткада коронавирус 103 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 27
Ош – 1

Чүй облусу – 8
Ош облусу — 8
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 29
Баткен облусу — 19

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуккандар жалпы 43126 адамга жетти.

Ошондой эле бир күндө 218 адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан. Сакайгандардын жалпы саны 36 615ке жетти.

Илдеттен соңку суткада бир адам каза тапты. Ал Бишкек шаарынын тургуну болгон.
Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны жалпы 1057ге жетти.

Exit mobile version