Site icon Reporter.kg

Бир күндө 175 адамдан коронавирус табылды

Соңку суткада коронавирус 175 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 18
Ош – 22
Чүй облусу – 5
Ош облусу — 50
Талас облусу — 7
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 22
Баткен облусу – 41

Алардын ичинде 17 медициналык кызматкер бар.

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45 932ге жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  142 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 5 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 005ге жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Exit mobile version