Site icon Reporter.kg

Бир күндө 689 адамдан коронавирус табылып, 1185 адам илдеттен сакайды

Соңку суткада 689 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлады.

Илдетке чалдыккандар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 190
Ош – 74
Чүй облусу – 89
Ош облусу — 58
Талас облусу — 40
Нарын облусу – 24
Ысык-Көл облусу – 55
Жалал-Абад облусу – 129
Баткен облусу — 30

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 32 813кө жетти.

Ошондой эле бир күндө 1185 адам коронавирустан сакайып ооруканадан чыккан.

Exit mobile version