Site icon Reporter.kg

Бир күндө үч ирет жер титиреди

Акыркы суткада өлкө аймагында үч ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-март күнү саат 07:43тө Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында — 3 баллга чейин сезилген. Ошондой эле саат 22:25те Кыргызстан жана Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында — 3 баллга чейин, Кызыл-Коргон, Советский айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ушул эле күнү саат 12:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жок.

Exit mobile version