Site icon Reporter.kg

Бир күндө 134 адамдан коронавирус табылып, илдеттен 1 адам каза болду

Соңку суткада коронавирус 134 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 33
Ош – 3
Чүй облусу – 12
Ош облусу — 21
Талас облусу – 5
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 16
Жалал-Абад облусу – 27
Баткен облусу — 9

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуккандар жалпы 43023 адамга жетти.

Ошондой эле бир күндө 341 адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан. Сакайгандардын жалпы саны 36397ге жетти.

Илдеттен соңку суткада бир адам каза тапты. Ал Ош облусунун тургуну болгон.
Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны жалпы 1056га жетти.

Exit mobile version