Бир күндө 161 адамдан коронавирус табылды

Бир күндө 161 адамдан коронавирус табылды

Соңку суткада коронавирус 161 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 29
Ош – 13
Чүй облусу – 9
Ош облусу — 33
Талас облусу — 1
Нарын облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 23
Баткен облусу — 45

Алардын ичинде 5 медициналык кызматкер бар.

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 46251ге  жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  151 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 4 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 453кө жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>