Бир күндө 22 медик коронавируска чалдыкты

Бир күндө 22 медик коронавируска чалдыкты

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Илдетке кабылган медиктер төмөнкү аймактарда:

Чүй облусунда – 3
Ош ш. – 1
Ош облусунда – 6
Жалал-Абад облусунда – 7
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 1

Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер сакайган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>