Бир күндө 3 медик коронавируска чалдыкты

Бир күндө 3 медик коронавируска чалдыкты

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1 жана Жалал-Абад облусунда 1 медиктен коронавирус аныкталган.

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгып, үй карантининдеги 8 медициналык кызматкер сакайган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3038 учур катталды, алардын ичинен 2352 медкызматкер айыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>