Бир күндө 88 адамдан коронавирус табылды, 108 адам илдеттен сакайды

Бир күндө 88 адамдан коронавирус табылды, 108 адам илдеттен сакайды

Соңку суткада коронавирус 88 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 9
Ош — 1
Чүй облусу – 8
Ош облусу — 24
Талас облусу — 3
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 8

Баткен облусу – 29

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45630га жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  108 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 4 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 41 904кө жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>