Соңку суткада коронавирус 88 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 9
Ош — 1
Чүй облусу – 8
Ош облусу — 24
Талас облусу — 3
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 8
Баткен облусу – 29
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45630га жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 108 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 4 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 41 904кө жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.