Бир күндө коронавирус 196 адамдан табылып, 1 адам илдеттен каза тапты

Бир күндө коронавирус 196 адамдан табылып, 1 адам илдеттен каза тапты

Соңку суткада Кыргызстанда  196 адамдан коронавирус аныкталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августтагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 35
Ош – 9
Чүй облусу – 16
Ош облусу — 34
Талас облусу – 8
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 49
Баткен облусу – 18.

Оору жуккандардын 14ү медиктер. 

Ошондой эле бир күндө 345 адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан. 

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 42 703 адамга жетип, алардын 35 831и илдеттен сакайды. 

Мындан сырткары соңку суткада COVID-19 илдетинен 1 кыргызстандык көз жумган.

Өлкөдө коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны жалпы 1055ге жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>