Бир күндө коронавирус 73 адамдан табылды

Бир күндө коронавирус 73 адамдан табылды

Соңку суткада коронавирус 73 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 11
Ош – 3
Чүй облусу – 5
Ош облусу — 14
Талас облусу — 3
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 9
Жалал-Абад облусу – 9
Баткен облусу — 18

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45072ге  жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  107 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 2 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 41 210го жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>